• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жаңы окуу жылына карата даярдык көрүлүүдө

Билим 0

Бишкек 15.08.22. /Кабар/. Бишкекте жаңы окуу жылына карата даярдык көрүлүүдө, - деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Жайкы каникул мезгилинде жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатында Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында косметикалык оңдоо иштери каралган: актоо – коридорлорду, тепкичтерди, окуу жана административдик бөлмөлөрдү, актовый жана спорт залдарын, коомдук тамактануу бөлүмдөрүн сырдоо; жылытуу жана суу менен камсыз кылуу системаларын оңдоо, чатырларды жабуу, бүтөө иштери.

2022-жылга карата курулуш объектилеринин титулдук тизмесине ылайык, "Билим берүү" бөлүмүнүн "Капиталдык оңдоо" беренеси боюнча 48 билим берүү объектисин оңдоо үчүн 138 миллион сом каралган. Анын ичинен: 26 мектеп, 20 мектепке чейинки билим берүү уюму жана 2 балдар чыгармачылык борбору.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан 2022-2023-жаңы окуу жылына карата билим берүү уюмдары кабыл алынды. Курулуш иштери аяктоо стадиясында.

Комиссиялык текшерүү учурунда билим берүү мекемелери жана мектептерге жакын аймактар текшерилди. Бүгүнкү күндө мекемелер окуучуларды кабыл алууга даяр, жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатында бардык мектептерде косметикалык оңдоо иштери бүткөрүлүп жатат.

Жыйынтыгында билим берүү борборлоруна Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын райондун социалдык объектилерине (мектептер жана бала бакчалар) титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий