• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ачылуусу пландалган 15 мектептин үчөө окуучуларды кабыл алууга даяр

Коом 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Бишкекте жаңы окуу жылына карата ачылуусу пландалган 15 мектептин үчөө окуучуларды кабыл алууга даяр.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы окуу жылына карата 15 мектеп жана бир бала бакча курулуп, оңдолмок. Курулушка республикалык бюджеттен 2 млрд сом каралган.

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, 1-сентябрга үч мектеп окуучуларды кабыл алууга даяр, калган 12 окуу жайды 15-сентябрга чейин бүткөрүү пландалууда.

“№10 мектептин эки блогу, №43 мектептин бир корпусу оңдоодон кийин жана “Алтын-Ордо” конушундагы жаңы мектеп окуучуларды кабыл алууга даяр”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий