• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жаңы отургучтар жана таштанды челектери коюлат

Коом 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Бишкекте 300 жаңы отургуч жана таштанды таштоочу чакалар орнотулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Тазалык “МИнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, отургучтарды жана таштанды чакаларын даярдоо жана орнотуу “Тазалыктын” негизги милдеттеринин бири болуп саналат.

“Учурда 300 таштанды чакалары даяр болду, жакында орното баштайбыз. Ошондой эле 100гө жакын даана отургучтар сырдалып, оңдолду”,-деп билдиришти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий