• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте жаңы психоактивдүү заттарды соцтармак аркылуу саткан шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Бишкекте жаңы психоактивдүү заттарды Telegram социалдык тармагы аркылуу саткан шектүү аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Жазык кодексинин 267-беренесинин белгилери менен каралган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Бишкекте Telegram социалдык тармагында @LuCHiKso аттуу аккаунт менен психоактивдүү жана баңгизаттарды сатуу каналын жөндөп алган жак аныкталган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары 28 жаштагы К.А. аттуу Россиянын жараны кармалган.

Шектүүнүн ижарага алынган батирин тинтүү учурунда кызгылт-сары түстөгү таблетка түрүндө жана кендир жытына ээ болгон белгисиз дары-дармектер, тамеки тартуу түрүндөгү жабдуулар, түтүктөр жана бульбулятор табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 41 граммды түзгөн жаңы психоактивдүү зат экендиги аныкталган.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий