• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жаңы санитардык полигон ачылат

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. “Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруунун алкагында, кечээ, 28-мартта Бишкек шаарынын мэриясында мэр А.Ибраимовдун катышуусунда “Жаңы санитардык полигонду долбоорлоо жана куруу” келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

ФИДИК “Сары китеп” шарттарына ылайык, жаңы санитардык полигонду долбоорлоо жана куруу долбоору боюнча келишим Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасы менен Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS (Эстония) компаниясынын ортосунда түзүлдү. Келишимдин суммасы 7 538 345 еврону түзөт.

Калдыктарды көмүү үчүн жаңы заманбап санитардык полигонду долбоорлоо жана куруу “Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун негизги бөлүгү болуп саналат. Долбоор Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын, Европа биримдигинин грантынын эсебинен каржыланат.


Бул долбоорду ишке ашырууга 2015-жылы, биринчи кезекте, таштанды салуучу контейнерлерди жана алар үчүн жасалган аянттарды жигердүү колдонуп жаткан шаардыктар күбө болушкан. Таштандылар “Тазалык” МИнин жумушчулары тарабынан жаңы таштанды ташуучу унаалар менен ташылат.

Жаңы полигон мурдагы шаардык таштанды төгүүчү жайдын жанына жайгашат. Курулуш аяктаган соң, эски жай жабылып, рекультивацияланат. Келишимди аткаруу мөөнөтү 2 жыл. Бул мезгилде жаңы полигон ага баруучу жолу менен курулуп бүтүп, электр жана суу менен камсыздалат. Калдыктарды коопсуз көмүү жана айлана чөйрөнү коргоо үчүн атайын ячейкалар курулат. Алардын конструкциясы жер алдындагы жана үстүндөгү суулардын булганышынын алдын алат. Бардык иштер европалык өлкөлөрдө кабыл алынган жана иштеген экологиялык, техникалык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий