• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жаңы таштанды полигону ачылат

Коом 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. “Бишкек шаарындагы таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорунун алкагында вице-мэр Эркинбек Исаков менен Эстониялык компаниянын өкүлү жаңы келишимге кол койду. Анда Бишкектеги таштанды полигонун жабуу жана калыбына келтирүү камтылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эски таштанды полигонун жабуу жана калыбына келтирүү келишими Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы “ Бишкек санитардык полигон” жана Эстониянын “Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS” компаниясынын ортосунда түзүлдү. Келишимдин баасы 1 596 900 еврону түзөт.

Бишкектеги таштанды полигонун калыбына келтирүү өз кезегинде таштанды аймагын жашыл аймакка көчүрүүгө шарт түзөт. Бул тармака бөлүнгөн каражаттын 50% гранты Европа биримдигинин эсебинен, ал эми 50% насыя катары Европа өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий