• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жаңы жол чырактар орнотулат - мэрия

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы 8 жерге жол чыракты орнотууга жана курууга конкурс жарыялайт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде жол чырактары орнотулат:

- Профсоюз жана Мессарош көчөлөрүнүн кесилишине;

- Профсоюз жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишине;

- Дэн Сяопин жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишине;

- Алтымышев жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишине;

- Токтогул жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишине;

- Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишине;

- Жукеев-Пудовкин жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишине;

- Юнусалиев көчөсүнө "Мега Сити" борборунун маңдайына жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак.

"Жаңы жол чырактарга 4 миллион 874 миң 765 сом каражат каралган. Конкурстун жыйынтыгы 28-сентябрда билинет", - деп айтылат маалыматта.

Шаар бийлиги билдиргендей, жол чырактардын тизмеси шаардыктардын сунуштарын эске алуу менен түзүлдү.

"Жаңы жол чырактар орнотулгандан кийин КР ИИМ ЖКККББ Адистештирилген монтаждык эксплуатациялоо башкармалыгына өткөрүлүп берилет", - деп кошумчалашты мэриядан.

Белгилей кетсек, шаардык транспорт башкармалыгы бир нече жолу жол чырактарды долбоорлоого тендер жарыялаган. Бирок, тилекке каршы, сунуштар аз келген. Учурда жол чырактарды курууга подрядчы аныктоого конкурс жарыяланды.

Конкурстун шарттары менен http://zakupki.gov.kg сайтынан тааныша аласыздар.

Пикир

Оставить комментарий