• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жаңы жол чырактар пайда болот. Мэрия сынак жарыялады

Коом 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Бишкек мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы жол чырактарды куруу жана орнотуу боюнча сынак жарыялады.

Ага ылайык, жол чырактар шаардын 8 бөлүгүндө орнотулат:

  • Щербаков жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Ауэзов жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Садыгалиев жана Жамгырчинов көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Дэн Сяопин жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Асаналиев жана Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Заманбап маалыматтык технологиялар жана билим берүү институтунун (ИСИТО) алдындагы Махатма Ганди көчөсүндө;
  • "Улан – 2" кичи районундагы 7-апрель көчөсүндө;
  • №4 кичи районундагы №17 мектептин алдында.

Тендерге катышуу үчүн арыздар 13-16-январга чейин жүрөт. Жаңы жол чырактарга 4 миллион 100 миң 488 сом каралган.

Белгилей кетсек, Бишкектин көчөлөрүндө 2019-жылы унаа жана жөө жүргүнчүлөр үчүн 25 жол чырак орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий