• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте жаңы жылдык балаты орнотула баштады

Коом 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Балатыны орнотуу иштерин "Бишкек жарыктандыруу" жана "Тазалык" ишканалары жүргүзүүдө.

Балатынын бийиктиги 27 метр болсо, диаметри 12 метрди түзөт.

Ошодой эле быйыл Түштүк магистралында ачылган "Ынтымак" сейил багында да бир балаты орнотулат. Анын бийиктиги 12 метр болот.

Пикир

Оставить комментарий