• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жаңы жылдык балатылар базары иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Бишкектин Медеров жана 7-апрель (Алма-ата) көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдык балатылар базары иштөөдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал базарда балатынын түрлөрү, арча, ийне жалбырактуу жан башка дарактар сатылууда. Ийне жалбырактуу дарактар тамыры жабык болгондуктан, майрамдан кийин аларды кайра отургузууга болот. Аларды кантип отургузуу боюнча сатуучулар кеңеш бере алышат.

Белгилей кетсек, балаты базары 31-декабрга чейин иштейт.

Кененирээк маалыматты Бишкек мэриясынын сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий