• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте жаңы жылдык белектер жарманкеси ачылат

Коом 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Эртең, 21-декабрда Курманжан Датканын эстелигинин жанында саат 13:00дө жаңы жылдык белектер жарманкеси старт алат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарманкеде жаңы жылдык белектерди, колго жасалган өзгөчө жасалгаларды, карагай оюнчуктарды, кийизден, жибектен, керамикадан, шурудан жана чоподон жасалган жасалгаларды, этникалык кийимдерди жана башка көп нерселерди сатып алууга болот.

Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан келген 30дан ашуун усталар, дизайнерлер, сүрөтчүлөр жана хендмейд-мастерлер ошол жерде өз иштерин тартуулашат.

Жарманкенин ачылышы маданий шоу-программа менен коштолот.

Аталган иш-чаранын уюштуруучулары Бишкек мэриясы жана CACSARC-kg усталарды колдоо ассоциациясы.

Жарманке 23-декабрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий