• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жаа атуу боюнча биринчилик өттү

Спорт 0

Бишкек, 18.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Трудовые резервы" стадионунда жаа атуу боюнча биринчи чемпионат болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жаа атуу боюнча спорттук чебери аталуу үчүн ар кайсы мектептен келген 38 спортчу катышты.

"Турнир Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулган. Катышуучулардын жаа атуу боюнча разряд деңгээли ар башка болгон", - деп айтылат маалыматта.

Эркектер арасында алгачкы үч орунга Алманбет Суеркулов, Улукбек Курсаналиев жана Азим Осмоналиев, кыздар арасында Асель Шарбекова, Айтурган Маматкулова жана Рустам кызы Аяна илинген. Жаштар арасында Камила Жапарова, балдар арасында Динар Бекболиева, жаңыдан үйрөнгөндөр арасында Алсу Абдулаева жеңүүчү аталган.

Пикир

Оставить комментарий