• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте жаа атуу боюнча республикалык чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. 19-декабрда Бишкек шаарында жаа атуу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты.

Спорттук иш-чара жаа атууну жайылтуу жана өнүктүрүүгө, өспүрүмдөрдү жана жаштарды дени сак жашоо мүнөзүнө тартууга багытталган.

Мелдештин катышуучулары:

• Чоңдор арасында (эркектер, кыз-келиндер);

• 2005-жылы туулган же андан жаш уландар;

• 2005-жылы туулган же андан жаш кыздар арасында;

• Кадеттер MIX;

• Сүйүүчүлөр ар кандай жаш куракта (спорт менен жаңы машыгып баштагандар).

Белгилей кетсек, мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлөт.

Ачылыш аземи саат 10:00дөболот.

Мелдеш өтө турган жер: «Билимкана АУЦА» мектебинин спорттук залы, Чыңгыз Айтматов проспекти, 1а (М. Горький көчөсү менен кесилишет).

Пикир

Оставить комментарий