• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жаа атуу боюнча республикалык чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. 19-декабрда Бишкек шаарында жаа атуу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдештердин расмий ачылыш аземине Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов жана Кыргыз Республикасынын жаа атуу федерациясынын президенти Элнура Осмоналиева катышты.

Мелдештер чоңдор жана кадеттер арасында өткөрүлдү. Жалпысынан чемпионатка 45 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин ээси:

Кадеттер (жаш уландар арасында):

1-орун – Баяман Бегалиев;

2-орун – Дауд Кызтек;

3-орун – Алмамбет уулу Ислам.

Кадеттер (кыз-келиндер арасында):

1-орун – Жибек Муратбекова;

2-орун – Амина Нурланбекова;

3-орун – Диана Женишбекова.

Кадеттер MIX:

1-орун – Баяман Бегалиев / Чүйрөк Тойчубава;

2-орун – Лутфуллах Алтыбаев / Диана Жеңишбекова ;

3-орун – Алмамбет уулу Ислам / Каима Молодалиева.

Эркектер арасында:

1-орун – Улукбек Курсаналиев ;

2-орун – Алмамбет Суеркулов ;

3-орун – Азим Осмоналиев .

Аялдар арасында:

1-орун – Асел Шарбекова;

2-орун – Рустам кызы Аяна;

3-орун – Кананбек кызы Жибек.

Белгилей кетсек, мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий