• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жайында Дзюдо үйү ачылат

Спорт 0

Бишкек, 15-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев 9-12-мартта расмий сапары менен Баку шаарында (Азербайжан) болуп, эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер, ошондой эле Азербайжандын дзюдо федерациясынын жетекчилиги менен жолугушту.

КР дзюдо боюнча улуттук федерациясынан билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстандын дзюдо боюнча федерациясын жалпы өнүктүрүү жана 2017-жылы КРда кадеттер жана жаштар арасында Азия чемпионатын өткөрүү маселелери талкууланды.

Ж.Көлбаевдин айтымында, июлда КРда Дзюдо үйүнүн ачылышы пландалууда. Ушул эле күндөргө ал эл аралык дзюдо боюнча федерациянын президентин Кыргызстанга чакырган.

Өз кезегинде М.Визер Кыргызстандын дзюдо боюнча федерациясы туура жолдо экендигин жана мындай кыска убакытта бир топ ийгиликтерге жеткенин белгиледи. “Силердин республикада дзюдо эң белгилүү спорт түрлөрүнөн экендигине абдан кубанычтабыз. Мен сөзсүз түрдө убакыт таап, силердин өлкөгө Азия чемпионатына жана Дзюдо үйүнүн ачылышына келип кетем. Силердин федерацияга дзюдо боюнча курама команданын 6 мүчөсүн тандап, аларды Будапешт жана Ташкенттеги IJF машыгуу борборлоруна жөнөтүүнү сунуштайм”, - деп билдирди М.Визер.

Пикир

Оставить комментарий