• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте жайыттарды туура пайдалануу боюнча талкуу өттү

Коом 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Бүгүн 26–апрелде Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жайыттарды жакшыртуу жана туура пайдалануу, ошондой эле райондор ортосундагы жайыттардын чек араларын, аянттарын тактоо тууралуу тегерек стол өткөрү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Айыл чарба министринин орун басары Ж.Керималиев, министрликтин алдындагы жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин адистери, өкмөттүн Чүй, Нарын, Талас, Ысык – Көл, Ош, Жалал-Абад облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, аталган 6 облустун райондорунун акимдери катышты.

Талкуунун жүрүшүндө жайыттарды жакшыртуу жана туура пайдалануу, жайыттарды басып бараткан зыяндуу бадалдардан сактоо, ошондой эле райондор ортосундагы жайыт чек араларынын аянттарын тактоо боюнча талкуулашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында жыйындын катышуучуулары көптөгөн көйгөй жараткан суроолорду көңүлдөрүн бурушкан.

Пикир

Оставить комментарий