• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте "Жакшылыктын миссиясы" гуманитардык долбоору ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Бишкекте социалдык өнүктүрүү мекемелеринин базасында "Жакшылыктын миссиясы" гуманитардык долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Долбоор Социалдык өнүктүрүү департаменти жана Роскызматташтык тарабынан ишке ашырылууда.

Долбоордун алкагында методикалык иштер, социалдык өнүктүрүү мекемелеринин кызматкерлери менен топтук сабактар, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга жекече консультациялар өткөрүлөт.

Биринчи тренинг Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борбордо өттү, анда 2 психолог мекеменин кызматкерлери, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын ата-энелери менен методикалык иштерди, тренингдерди жана топтук сабактарды өткөрүштү.

Бул долбоорго ошондой эле департаменттин ведомстволук 8 мекемеси катышат: "Аязат" кризистик борбору, "Айданек" жашы жете элек балдар үчүн реинтеграция борбору, зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору, Балдардын Социалдык адаптация борбору, "Кайрымдуулук" борбору.

Маалымкат: Шаардык реабилитациялык борбор күн сайын Бишкек шаарында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген 100 адамды тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий