• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жакында Бишкекте жүздү тааныган дагы 4 камера орнотулат

Коом 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Бшкек шаарынын Биринчи май районунда видеокөзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Эркиндик бульварынын 4 кесилиши, Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрү атайын жабдуулар менен жабдылды. Жакында жүздү тааныган дагы 4 камера орнотулат.

Кесилиштерде орнотулган камералар күнү-түнү иштейт.

Мындан тышкары, соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагына жүзүн таануучу жана аралыктан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар 50дөн ашык камера орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий