• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте жалган прокурор кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал өзүн прокуратура кызматкери катары тааныштырып, А.Э.Д. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартамын деп коркутуп, анын уюлдук телефонун жана 50 миң сом өлчөмүндөгү накталай акчасын алган.

Тергөөнүнүн жүрүшүндө кармалган жаран Б. улуу А. социалдык тармактар аркылуу өзүн Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери катары көрсөтүп, прокуратура органдарынын формалык кийимин кийип түшкөн сүрөттөрдү жайгаштырып, ошондой эле белгилүү бир акча каражаттары үчүн юридикалык маселелер боюнча өзүнүн кызматтарын сунуштап келгендиги аныкталган.

Айыпталуучу Б. уулу А. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катышы аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий