• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жалпы 1 миң 334 адам коронавирус жуктурган. Зарылчылык болбосо үйдөн чыкпаңыздар − вице-мэр

Коом 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарында жалпы 1 миң 334 адам коронавирус жуктурган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча коронавирус жуктурган учурлардын 35%ы Бишкек шаарына туура келет.

“471 адам же ооруну жуктургандардын 35%ы айыгып, үйүнө чыгарылган. Жакын байланышта болгон 1 миң 609 киши медициналык көзөмөлдө болууда. 9 киши каза болгон”, - деди ал.

Ал белгилегендей, коронавирус жуктургандардын 418и өздөрү дарыгерлерге кайрылышкан. 44 адам коронавирусту кайсы жактын жуктурганы аныктала элек.

Анын айтымында, мурда коронавирус оорулуу адам менен байланышта болуп, көзөмөлгө алынган кишилерден жана сырттан келген жарандардан аныкталса, азыр эл арасынан да ооруну жуктургандар чыгып жатат.

Бишкек шаарынан вице-мэри борбор калаада ооруну жуктургандар көп чыгып жатканын белгилеп, жарандарды санитардык талаптарды аткарууга, зарыл болбогон учурда үйдөн чыкпоого чакырып өттү.

Пикир

Оставить комментарий