• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жалпы республикалык тестирлөө өтөт

Билим 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөсү (ЖРТ) өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

ЖРТ эки этапта өтөт:

- 18-19-майда Свердлов районундагы №4; №38; №45; №65; №66; №94 мектептердин базасында. Октябрь районундагы №17; №26; №37; №63; №64; №88 мектептерде.

- 21-22-майда Ленин районундагы № 9; №13; №31; №68; №72; №84; №93; №96 мектептердин базасында. Биринчи май районундагы № 6; №27; №28; №29; №24; №69 мектептерде.

Белгилей кетсек, 22-23-июнда ЖРТ кошумча тизме боюнча өтөт.

Мэриядан белгилешкендей, тестирлөө бардык санитардык эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий