• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтүп, ага 10 миңден ашуун адам катышты

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Өткөн дем алыш күндөрү бишкектиктер шаарды салттуу тазалоо иштерине чыгышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы шаардык ишембиликке 10 миңден ашуун адам катышты, алардын арасында шаар тургундары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, ошондой эле уюмдар, ишканалар жана чарбалык субъектилер бар.

"Эс алуу күндөрү 88 тонна таштанды чогултулуп, 8,5 чакырым сугат арыктары тазаланды. Бардык таштандылар "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан 49 бирдик атайын техниканы тартуу менен чыгарылды", - депкошумчалашты муниципалитеттен.

Мындан тышкары, шаар боюнча 800 бак отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий