• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өттү

Коом 0

Бишкек, 1-апрель /Кабар/. Бишкекте санитардык тазалоо боюнча жалпы шаардык ишембилик өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык муниципалитет башчысы Албек Ибраимов мэриянын аппаратынын кызматкерлери менен ишембиликке катышып, Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бактын аймагын тазалашты.
“Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын күчү менен ирригация жана газондор тазаланып, канаттуулардын уялары орнотуу иштери жүрүп жатат.
Ишембиликтин максаты - санитардык абалды жакшыртуу, шаарды жашылдандыруу, ирригация түйүндөрүн тазалоо, бул иш-чараларга уюмдарды, мекемелерди, ошондой эле көп кабаттуу жана жеке турак-жайда жашаган шаардыктарды тартуу болуп саналат.
Ирригация түйүндөрүн, шаардык парктарды жана бактарды тазалоого өзгөчө көңүл бурулду.
Урматтуу шаардыктар шаардык мэрия маалыматтык колдоо көрсөтүп, кайрылууларды жана даттанууларды төмөнкү телефондорго жөнөтүүнү өтүнөт:
Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;
Шарапов Руслан Эсенбекович (1-Май району) — 0558 336 640;
Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.
Бишкек шаардык мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Эшатов Канатбек Советбекович - 51 18 61.
Ошондой эле, мэрия Бишкек шаарынын тургундарын ишембиликтерге жигердүү катышуу менен сүйүктүү шаарыбызды ирээтке келтирүүгө салым кошууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий