• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өттү

Коом 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Бишкекте шаар мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда жалпы шаардык ишембилик өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, шаар мэри борбордук аппараттын кызматкерлери менен биргеликте «Ата-Түрк» сейил багын иретке келтирди.

"Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган коомдук ишембиликтин алкагында бардык райондордо ишембилик өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Биринчи май району

Ишембиликке Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, Биринчи май районунун акимчилигинин кызматкерлери, шаар тургундары, бардык кызматтардын, ошондой эле райондогу мекеме-ишканалардын, чарбалык субъекттердин кызматкерлери жигердүү катышты.

Катышуучулар Эркиндик бульварынын аймагын иретке келтиришти, ошондой эле Чүй проспектисинен баштап Москва көчөсүнө чейин кошумча 7000 даана жашыл тосмо көчөт отургузушту. Райондун ирригациялык тармактарын, коро жайлардын чарбалык аймактарды, сейил бактарды, аянттарды жана көчөлөрдү тазалоо иштери жүргүзүлдү. 25 тоннадан ашык таштанды жыйналып чыгарылды. 120 миң чарчы метрден ашык аянт тазаланды. Жалбырактуу жана ийне жалбырактуу бактардын 430 түп көчөтү отургузулду. Жалпысынан 125 уюм же 5340 жаран катышты. Ишембиликтен кийин пайда болгон таштандыларды чыгарууга 11 даана атайын техника тартылган.

Ленин району

Ишембиликке 55 уюмдан 1100 адам чыкты. Шаардыктар 300 түп көчөт, 200 даана тосмо отургузушту. Таштандыларды чыгарууга 9 бирдик атайын техника тартылган.

Көркөм өнөр академиясынын, Кыргызстан Эл аралык университетинин, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборунун, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын, “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын, мектептердин, бала бакчалардын, акимчиликтин жана МАБдардын кызматкерлери ишембиликке жигердүү катышышты.

Ошондой эле, №96 орто мектептин аймагына окуучулар, ата-энелер жана кызматкерлер жаш көчөттөрдү отургузушту.

Свердлов району

Ишембиликке 3700 адам катышты. Алар 2150 погондук метр сугат арыктарын тазалап, 469 бак-дарак көчөттөрүн отургузушту. Жыйынтыгында 37 тонна таштанды чыгарылды.

Кыргызпатент, Ички иштер министрлигинин Академиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Бишкек Жылуулук электр борбору, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы, Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги, КОСУ, "Шаарлифт, муниципалдык ишканасы, "Телеком" ААК, “Түндүк электр” кабелдик кызматы, МСКБ жана райондук социалдык фонд өкүлдөрү катышты.

Октябрь району

Район боюнча тазалоого 2986 адам катышып, 25 тонна таштанды чыгарылды. Бекитилген аймактарды тазалоо иштери Мамлекеттик салык кызматынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, "Бишкексууканал" башкармалыгынын, бажы кызматынын, билим берүү мекемелеринин, бала бакчалардын, мектептердин, ЖОЖдордун, мэриянын, акимчиликтин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Борбор калаанын мэриясы жалпы шаардык ишембиликке катышкан ар бир камкор атуулга ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий