• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өттү

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагында борбор калаанын бардык райондорунда массалык ишембиликтер болуп өттү.

Ишембиликке болжол менен 15 миңден ашуун адам жана 470тен ашык мекеме-уюмдар катышты.

"Шаардын бардык төрт районунда ишембиликке райондун жашоочулары, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, райондун бардык кызматтарынын кызматкерлери, ЖОЖдын студенттери, ошондой эле уюмдар, ишканалар жана чарбакер субъекттер активдүү катышты", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Ишембиликте 338 көчөт отургузулуп, анын ичинен 220 бадал жана 73 ийне жалбырактуу дарак тигилди. 130,5 куб метр таштанды чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий