• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте “Жамийла” спектаклинин бет ачары болду

Маданият 0

Бишкек, 30.03.18. /Нуржан Касымалиева - Кабар/. Бишкектеги “Фрунзе” ресторанында кечээ кечинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести боюнча коюлган спектаклдин бет ачары болду.

Белгилүү теле алып баруучу, коомдук ишмер жана спектаклдин башкы продюсери Ассоль Молдокматова салтанатты ачып жатып, долбоордун автору болгон актриса Назира Мамбетованын ролун баса белгилеп кетти. Ал ошондой эле спектаклдин музыкасын жазып берген композитор М.Бегалиевдин жана сахнаны кооздогон Бакыт Тилекматовдун эмгектерин эске салды.

“Сиздердин алдыңыздарга бардыгы болуп үч актер чыгат. Алар сиздердин жан дүйнөңүздөрдү ойготот деген ишеничтемин”,-деп билдирди Молдокматова спектакль башталаар алдында.

Долбоордун автору, КР эл артисти Мамбетова билдиргендей, спектакль коюу идеясы бир жыл мурда келген. Айтматовдун жубайы жана уулунан уруксат алгандан кийин ал спектаклге продюссерлик кылуу сунушу менен Ассоль Молдокматовага кайрылган.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев Ч.Айтматовдун заманбап адабиятка кошкон эбегейсиз зор салымын баса белгилеп, бул бир гана кыргыз элинин эмес, бүтүндөй дүйнөнүн мурасы экендигин билдирди. “20чы жүз жылдыкта заманбап адабиятты Ч.Айтматовдун чыгармаларысыз элестетүү мүмкүн эмес. Анын чыгармалары окумдуу жана сүйүктүү. Айтматов дүйнө жүзүндөгү Шекспир менен Толстойдон кийинки эң окумдуу жазуучу. Анын мурастары биздин жүрөктөрдө кылым бою кала берет”,-деп билдирди ал.

Бет ачардан кийин Аскар Айтматов чыгармачыл топко терең ыраазычылык билдирип, актерлер өз каармандарынын ролдорун мыкты ачып бергендигин айтты.

Ал спектаклдин келечеги кең экендигин айтып, Түркияда жана ар кандай фестивалдарда күтүп жатышкандыгын кошумчалады. Аскар Айтматов спектаклге алдыда көптөгөн ийгиликтерди каалады.

“Жамийла” – жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 1958-жылы орус тилинде басылып чыккан биринчи эң көлөмдү повести. Чыгармада Данияр менен Жамийланын махабаты боз улан бала Сейиттин айтуусунда берилет.

Пикир

Оставить комментарий