• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жана башка региондордо куураган чөптөр өрттөнүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 03.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 33 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттөрдү өчүрүүгө 35 бөлүм тартылган.

Бишкекте Баймаш-Таймаш көчөсүндө К.Үсөнбеков атындагы аскер институтунун аймагында 600 чарчы метр куураган чөп жана таштанды өрттөнүп кеткен.

Чоң-Арык айылында 3 гектар куураган чөп жана бадал күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Рухий-Мурас конушунда 200 чарчы метр куураган чөп өрттөнүп кеткен. Өрт чылымдан келип чыккан.

Андан сырткары Аламүдүн районундагы ГЭС-5 айылында 440 соток куураган чөп күйгөн. Себеби такталып жатат.

Талас облусунун Алмалуу тоосунда Казакстан менен чектешкен жерде куураган чөп жана бадалдар өрттөнүп, аны өчүрүү үчүн жалпы КР ӨКМден 17 куткаруучу, ишканалардан 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам, токой чарбасынан 21 кызматкер, чек ара кызматынан 3, райондук ооруканадан 8, Райондук ички иштер бөлүмүнөн 4 кызматкер - жалпысынан 66 адам тартылган.

Пикир

Оставить комментарий