• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жана Чүй облусунда муктаж болгон 3 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 26.08.30. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы "Бир эл - бир жүрөк" кайрымдуулук долбоору алкагында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөттү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, берилген жардам Бишкек шаары жана Чүй облусунда жашаган муктаж болгон 3 миң үй-бүлөгө таркатылат.

Белгилей кетсек, буга чейин коронавирус илдетине байланыштуу карантин учурунда жабыр тарткан 13 миң үй-бүлөлөгө азык-түлүк берилген.

Пикир

Оставить комментарий