• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте жана Ошто 42 миң 176 бала бала бакчага барат

Коом 0

Бишкек, 24.09.18 /Кабар/. Бишкектеги жана Оштогу бала бакчаларга 42 миң 176 бала барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Электрондук кезекте кайсы бир топтун курагына жете элек 4 миңден ашуун бала турат.

Министрликтин маалыматына караганда, Бишкектин жана Оштун жашоочулары балдарынын курагы кайсы бир топтун жашына жете элек болсо дагы электрондук кезекке активдүү тура башташты. Учурда Бишкекте мындай балдардын саны 3 миң 751ге, Ошто 311ге жетти.

Жалпысынан учурда 118 бала бакчага 13 миң 794 бала электрондук кезекке турган. Дагы 1010 баланы эсепке киргизүү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий