• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Жапаров менен Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду

Президент 0


Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда, Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапары менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Ак-Кеме» мрамор чатырынын астында Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинген. Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Өлкө лидерлери Ардак кароолдун командиринин рапортун кабыл алышып, ротанын алдынан басышты.

Андан кийин Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырышты. Ардак кароолдун аскерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Эстеликке сүрөткө түшкөн соң, мамлекет башчылары чакан чөйрөдөгү сүйлөшүүгө багыт алышты.

Пикир

Оставить комментарий