• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жаран өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылууда (сүрөт, видео)

Коом 0


Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бишкекте эркек адам курулуп жаткан имараттан секирип, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине күбөлөр билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Байтик Баатыр-Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан имараттын 8-кабатында турат. Окуя болгон жерде ӨКМ жана милиция кызматкерлери иштөөдө.

“Эркек адам 2 сааттан бери турат, мындан мурда ал чөнтөгүнөн телефонун, тыйындарын ыргытып жиберген. Азыр милиция кызматкерлери ал менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”, - деди күбө.

Пикир

Оставить комментарий