• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жарандар үчүн салык маселелери боюнча семинарлар өттү

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр жана борбордун жарандары үчүн салык салуунун актуалдуу маселелери боюнча семинарларды өткөрдү.

Салык кызматынан билдиришкендей, онлайн-берүү форматында жана кадимки режимде уюштурулган иш-чаралардын жүрүшүндө салык мыйзамдарындагы, анын ичинде Салык кодексинин ченемдериндеги өзгөртүүлөргө тиешелүү маселелер, ошондой эле электрондук салыктык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү, бирдиктүү салык декларациясын берүү тартиби жана мөөнөттөрү, ККМ-онлайн колдонуу тартиби жана башка темалар түшүндүрүлдү.

Семинардын катышуучулары электрондук салыктык каттоонун артыкчылыктары, отчетторду электрондук түрдө берүү мүмкүнчүлүгү, жалпы жана атайын салык режимдеринин өзгөчөлүктөрү, онлайн-ККМди колдонуунун нюанстары менен таанышышты.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары ар кандай категориядагы салык төлөөчүлөр үчүн Salyk.kg сайтындагы "Салык төлөөчүнүн кабинети" жана салык кызматынын башка ресурстары тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөр жөнүндө билишти.

Салык кызматынын адистери семинардын катышуучуларын кызыктырган көптөгөн суроолорго жооп беришти.

Пикир

Оставить комментарий