• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жарандардын кан басымын текшерүүчү 137 пункт түзүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк саламаттык күнүнө арналган “Өзүңдүн кан басымыңды бил” аттуу акция старт алды. Акция 30-апрелге чейин уланат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын ден соолукту бекемдөө борборунун директору Назгүл Акматалиева кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, борбордо 137 пункт уюштурулган. “Акциянын биринчи жумасында шаардын соода борборлору жана чоң дүкөндөрү, экинчи жумасында – уюмдар жана ведомстволор, үчүнчү жумада билим берүү мекемелери камтылат. Ошондой эле райондук администрациялар жана башка мекемелер камтылат. Акциянын максаты – артериалдык гипертензия оорусунун алдын алуу жана калкка бул оору тууралуу маалымат берүү”, - дейт Акматалиева.

Улуттук кордиология жана терапия борборунун директору Айнагүл Жумагулова билдиргендей, бул дарт адамга кандайдыр бир ыңгайсыздык же чоң оору жаратпайт, ошондуктан бул ооруну “тынч өлтүргүч” деп аташат.

Пикир

Оставить комментарий