• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бишкекте жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясына арналган тегерек стол өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада этностор аралык ынтымакты өнүктүрүү, жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу жана туруктуулукту камсыздоо жаатындагы иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Тегерек столго төрт акимчиликтин, райондук билим берүү борборлорунун, социалдык өнүктүрүү башкармалыктын, маданият мекемелеринин жана МАБдын кызматкерлери катышты.

Айта кетсек, кыргыз жараны улутуна, диний, социалдык жана аймактык таандыгына карабастан КР Конституциясына ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болгон Кыргызстандын жараны болуп саналат.

“Кыргыз жараны” термини Кыргыз Республикасы өлкөсүнүн атынан келип чыккан жана бардык этностук жамааттарды этностук-маданий тиешелүүлүгүн сактоо менен бириктирген жалпы жарандык иденттүүлүктү түшүндүрөт.

Тегерек стол президенттинин “Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдарга жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий