• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте жардамга муктаж болгон 1 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Бишкекте жардамга муктаж 1 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк пакеттерин таркатуу акциясына катышты.

Жардамды Түркиянын ТИКА кызматташтык жана координация агенттигинин өкүлдөрү Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте көрсөттү.

Жалпысынан Бишкек шаарынын Биринчи май районунунда жашаган бир миң үй-бүлөгө жардам таркатылды.

Ализа Солтонбекова өнөктөштөргө көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын айтып, мындан аркы кызматташууга ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий