• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жардыруу болуп, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 10.08.18. /Кабар/. Бишкектин борборунда жардыруу болуп, эки адам жабыркады. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча бул россиялык ишкерге кол салуу болгон. Мындай маалыматты “Кабар” агенттигине күч органдарынан тастыкташты.

Бир сааттай мурун Исанов 98 дарегинде жардыруу болгон. Такталбаган маалымат боюнча кол салуу болгон россиялык ишкер мергенчилик куралдарын сатуу менен алектенет.

“2016-жылы дагы бул ишкердин өмүрүнө кол салуу болгон. Эки адам жабыркады, алар алган жаракаттар өмүрүнө коркунуч туудурбайт. Жабыркагандар ооруканага жаткырылды”, - деп билдиришти күч органдарынан.

Учурда окуя болгон жерде экспертиза жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий