• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жасалма номер менен унаа айдап жүргөн айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Бишкекте жасалма номер менен унаа айдап жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 11-мартта милициянын кайгуул кызматкерлери болжол менен саат 15:50дө Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Honda CR-V үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 38 жаштагы Ш.И. аттуу айдоочу өзүнүн унаасына жасалма номер тагып жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты боюнча автоунаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилген. Ал эми айдоочу Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий