• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жасалма номер менен жүргөн Chevrolet унаасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Бишкекте жасалма номер менен жүргөн Chevrolet унаасы кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-мартта Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 22:40 чамасында Чүй жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде Chevrolet үлгүсүндөгү автоунааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1994-жылы туулган Ж.М. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочу Сверлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий