• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте жасалма номер менен жүргөн KIA автоунаасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Бишкекте жасалма номер менен жүргөн KIA автоунаасы кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматкерлери саат 01:30 чамасында Алыкулов көчөсүнөн KIA үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1994-жылы туулган Р.Т. аттуу айдоочу өзүнүн автоунаасынын мамлекеттик номерин атайын жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий