• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жасалма номер менен жүргөн Mercedes-Benz унаасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Бишкекте жасалма номер менен жүргөн Mercedes-Benz унаасы кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 24-январда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 06:00 чамасында Ден-Сяопин көчөсүнөн жол эрежесин бузган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1990-жылы туулган Н.Ш. аттуу айдоочу унаасына жасалма нометр тагып алгандыгы аныкталган.

Автоунаа убактылуу короо жайга токтотулуп, айдоочусу Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий