• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте жасалма номер менен жүргөн Toyota Camry унаасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Бишкекте жасалма номер менен жүргөн Toyota Camry унаасы кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-сентябрында кайгуул кызматкерлери болжол менен саат 17:00дө Чолпон-Ата жана кең Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен терезеси караңгылатылган Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Унаанын керектүү документтерин текшерүү маалында И.А. аттуу айдоочу автоунаасына жасалма номер тагып алгандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча автоунаа убактылуу короо жайына киргизилип, айдоочусу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий