• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жасалма номер тагылган Honda Fit унаасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Бишкекте жасалма номер тагылган Honda Fit унаасы кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 2-августта болжол менен саат 15:00дө кайгуул кызматкерлери Юнусалиев көчөсүнөн жол эрежесин бузган Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Кызматкерлер автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1978-жылы туулган А.М. аттуу айдоочу өзүнүн автоунаасынын мамлекеттик номерин алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Октябрь райондук ИИБнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий