• 84.45
  • 88.96
  • 1.37

Бишкекте жасалма номер тагылган Honda унаасы аныкталып, айдоочусуна 15 миң сом айып салынды

275 кароо Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бишкекте жасалма номер тагылган Honda Inspire үлгүсүндөгү автоунаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-декабрда, болжол менен саат 02:20да кайгуул кызматкерлери Ибраимов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Honda Inspire автоунаасын токтотушкан.

Кызматкерлер автоунаанынын керектүү документтерин текшерген учурда 2001-жылы туулган Х.Э. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусуна карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 449-беренесинин негизинде тийиштүү протокол түзүлүп, 15 миң сом айып салынып, жасалма номери алып салынды.

Пикир

Оставить комментарий