• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жасалма номер тагылган Toyota Crown унаасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жасалма номер тагылган Toyota Crown үлгүсүндөгү автоунааны кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрда кайгуул кызматкерлери кечки саа 17:20лар чамасында Ахунбаев жана Матрасов көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Toyota Crown автоунаасын токтотушкан. Керектүү документтерди текшерүү маалында унаанын мамлекеттик номери жасалма экендиги аныкталган.

"1979-жылы туулган А.К. аттуу айдоочунун автоунаасынын номери жасалма окшош номер экендиги аныкталды. Анткени унааны Россиянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын базасындагы “Авто-Код” жана Авто-Проверка” сайты менен текшерген учурда бул унаанын кузовунун номери техникалык каражаттагы номерге дал келген эмес. Так эле ушундай автоунаа Россия Федарциясында катталып, азыркы учурда айдап жүргөндүгү аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары чара көрүү максатында Октябрь райондук Тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий