• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте жаш балдар катышкан жол кырсыгынын саны 39 пайызга азайган

Коом 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын жыйынтыгы менен жаш балдар катышкан 354 жол кырсыгы катталып, 2019-жылга салыштырмалуу 228 учурга азайган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 412 жаш бала жол кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алып, көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 256 балага азайган. Ал эми жаш балдар катышкан жол кырсыгынан 8 бала көз жумуп, 2019-жылга салыштырмалуу 4 учурга азайган.

"Жалпысынан алганда 2020-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен жаш балдар катышкан жол кырсыгы 2019-жылга салыштырмалуу 39 пайызга азайган. Бул көрсөткүч милициянын кайгуул кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштешүүнүн жана жол эрежесин сактоо боюнча профилактикалык иштердин жүргүзүүнүн жыйындысы экендиги байкалган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий