• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жаш дзюдочулар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарында өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча улуттук федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш 15-16-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлөт.

Алтын медаль үчүн 15-17 жаш арасындагы спортчулар күч сынашат.

Спортчулар төмөнкү салмакта катышат:

Эркектер: 50 кг, 55 кг, 60 кг, 66 кг, 73 кг, 81 кг, 90 кг, 90 кг жогору;

Кыздар: 40 кг, 44 кг, 48 кг, 52 кг, 57 кг, 63 кг, 70 кг, 70 кг жогору.

Пикир

Оставить комментарий