• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жаш интеллектуалдарга смартфондор жана акылдуу сааттар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын №69 мектебинде “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу мектеп окуучуларынын илимий долбоорлору боюнча шаардык сынактын жабылышы өттү.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана борбор калаанын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева балдарды майрамы жана сынактын ийгиликтүү аяктоосу менен куттуктады.

“Конокторду мектептин короосунда комуз жана ооз комуз менен менен тосуп, №69 мектептин 75 окуучусу «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү хор менен айтып беришти, ошондой эле аларга сынактын жеңүүчүлөрүнүн мыкты макеттери көрсөтүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан билдиришкендей, 2021-жылы мектеп окуучуларынын илимий долбоорлоруна сынактын шаардык этабы 24-майдан баштап 16 төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлдү: физика, астрономия жана космос технологиялары, химия жана химиялык технологиялар, биология, адамдын биоэкологиясы жана медицина, география, жаратылышты пайдалануу, экология жана туризм, экономика жана каржы, аппараттар, радиоаппаратура жана телекоммуникация тутумдары, энергия жана энергияны үнөмдөө технологиялары, маалыматтык технологиялар жана программалоо, робототехника жана автоматташтырылган технологиялар, адам биологиясы, математика, кыргыз филологиясы, орус филологиясы, тарых жана жергиликтүү тарых, инсандын Кыргызстандын тарыхындагы ролу, интеграция, коомдук илимдер жана философия.

Шаардык турдун жеңүүчүлөрү деп 60 окуучу табылып, анын ичинен 20 окуучу 1-орунду ээлешти, алар диплом жана смартфондор менен сыйланышты, 2-орунду - 20 окуучу ээлеп диплом жана акылдуу сааттар берилди, ал эми 3-орун - 20 окучууга буюруп, алар дипломдор жана зымсыз наушниктерди алышты.

Майрамдык иш-чара №69 мектептин окуучуларынын концерти менен аяктады.

Белгилей кетсек, сынак Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду

Пикир

Оставить комментарий