• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте “Жаш изилдөөчүлөрдүн экинчи илимий конгресси” өтөт

Коом 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Бишкекте “Манас” Кыргыз-Түрк университетинде жана Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде 11-12-майда “Жаш изилдөөчүлөрдүн экинчи илимий конгресси” өтөт. Бул тууралуу КРСУ басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи күнү “Манас” КТУда салтанаттуу ачылышын өткөрүү жана бир катар секциялардын ишин баштоо каралган. Иш чаранын экинчи күнү КРСУда уланат.

Конгресстин негизги милдеттери: гуманитардык илимдер тармагында магистранттардын жана аспиранттардын илимий-изилдөөчүлүк ишмердигин демилгелөө, ошондой эле, илимий коомчулукту жаш изилдөөчүлөрдүн натыйжалары менен тааныштыруу.

Конгресс филология, тарых, эл аралык мамилелер, педагогика, экономика, юриспруденция жана башка илимдин ар кыл багыттарында кеңири маселелерди талкуулайт.

Конгресске катышуу үчүн Түркия, Кыргызстан, Россия, Германия, Кытай, Азербайжан, Казакстан жана Монголиядан түшкөн 230 билдирменин ичинен 125 баяндама тандалып алынган. Мыкты иштер илимий форумдун материалдарынын жыйнагына жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий