• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жаш калемгерлердин «Саамалык – 16» адабий жыйнагынын бет ачары өттү

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде, Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Кыргызпатент жаш калемгерлердин «Саамалык – 16» адабий жыйнагынын бет ачар аземин өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттен кабарлашты.

Жаш авторлордун алгачкы чыгармалар топтомун чыгаруунун максаты — калемгерлердин чыгармачылыгын колдоп, тунгуч чыгармаларынын жарык көрүүсүнө өбөлгө түзүү жана шык-эргүү берүү болуп саналат.

Иш-чараны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, жаш калемгерлердин «Саамалык» аркылуу тушоосу кесилип, эртеңки күнү жылдызы жанып, эл арасында белгилүү акын-жазуучу болуп чыгарына үмүттөнөрүн, авторлордун чыгармачылыгынын өнүгүшүнө Кыргызпатент ар качан колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди.

Аталган альманах 2000-жылдын мартынан тарта чыгарылып келет. «Саамалык –16» адабий топтомуна өлкөнүн бардык аймактарынан, ошондой эле Россияда эмгектенген жаштардын, студенттердин, мектеп окуучулардын, жалпысынан 47 жаш калемгердин алгачкы чыгармалары жарык көрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш калемгерлердин ырлары окулуп, «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун алдындагы «ДемиАрт» театралдык студиясынын окуучулары даярдаган театралдык көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Иш-чара Кыргызпатенттин инновациялык борборунда өткөрүлүп, ага белгилүү акын-жазуучулар, адабий клубдардын жетекчилери, мүчөлөрү, жаш авторлор жана адабият сүйүүчүлөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий