• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Жаш манасчы” жана “Үйрөнчүк манасчы” шаардык сынактары өткөрүлдү

Маданият 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. 4-декабрь – “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы менен биргеликте “Жаш манасчы” жана “Үйрөнчүк манасчы” шаардык сынактарын уюштурду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Жаш манасчы” сынагына шаардын муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 5-11-класстардын окуучулары жана “Үйрөнчүк манасчы” сынагына Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү кызматкерлер жана мектеп мугалимдери катышты.

Шаардык сынактар КРнын “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана борбор шаардагы жаш балдар жана кызматкерлер арасында жайылтуу, эпос аркылуу жаштарды идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий мүнөздөгү иш-чараларга тартуу максатында өткөрүлдү.

Сынакта катышуучулардын “Манас” эпосунан үзүндүнү көркөм аткаруу чеберчилигине баа берилди.

“Жаш манасчы” сынагынын шарттары боюнча райондук сынактардан 1,2,3-орунга ээ болгон жеңүүчүлөр шаардык сынакка катышты.

Манасчылар таймашынын башында “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Үлуттук академиясынын президенти балдарга насаат сөздөрдү айтып, “Манас” эпосунун жана манасчылык өнөрдүн касиетин белгиледи.

Эске салып кетсек, калаадагы жаш манасчылардын таймаштары бир нече жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы жылы өткөрүлгөн манасчылар таймашынын өзгөчөлүгү – жаш манасчы эркек балдар өзүнчө бааланып, жаш манасчы кыздар өзүнчө бааланып, байгелүү орундар ыйгарылды. Жалпы 12 кыз жана 12 бала катышты.

Сынактардын жеңүүчүлөрү:

Мектептер боюнча эркек балдар арасында:
Баш байге: Карыпбеков Эмир (№ 82 ОМ);
1-орун: Сакматов Сыймык (№ 71);
2-орун: Асилбек уулу Актан (№ 51 ОМ);
3-орун: Мелсов Ырыскелди (№ 88 ОМ);
4-орун: Касымалиев Нурислам (№ 86 ОМ);
Мындан тышкары, №№ 4, 31, 32, 59, 60, 81, 86 мектептердин окуучулары жигердүү катышты.

Мектептер боюнча кыздар арасында:
Баш байге: Абасбекова Аккыз (№ 10 ОМ);
1-орун: Жолдошалиева Анжелика (№ 81);
2-орун: Шамильбек кызы Элеонора (№ 24 ОМ);
3-орун: Асылбекова Сезим (№ 38 ОМ);
4-орун: Искендербекова Айелина (№ 73 ОМ).

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү кызматкерлердин жана мектеп мугалимдеринин арасында өткөрүлгөн “Үйрөнчүк манасчы” сынагы боюнча:

Баш байге: Дербишев Адыл Байдылдаевич (№13 мектеп-гимназиясынын мугалими);
1-орун: Кеңешов Эрланбек Эрмаматович (Ленин районундагы №1 муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкери);
2-орун: Бейменжан кызы Жазгүл (№ 73 орто мектептин мугалими);
3-орун: Бекзатов Азирет Бекзатович (Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын Укуктук камсыздоо жана келишимдик милдеттенмелерди контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси).

Манасчылар таймашынын жыйынтыгы боюнча бардык катышуучуларга жана жаш манасчыларды даярдаган мугалимдерге Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн сыйлыктары тапшырылды.

Иш-чаранын уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова жаштарды тарбиялоодо “Манас” эпосунун орду зор экендигин айтып, бул таймаштар жыл сайын өткөрүлүп, жаш манасчылардын катары жыл сайын көбөйүп жатканын зор кубаныч менен белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий